Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалган Алтынбек Сулаймановдун өмүр баяны

Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Ал 1972-жылы 24-сентябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Шанкол айылында туулган.

Ал М.Абышев атындагы ОшТУнун экономика факультетин, 2003-жылы Ж.Баласагын атындагы КМУУнун юридика факультетин бүтүргөн.

Алтынбек Сулайманов эмгек жолун 1989-жылы Ноокат районундагы "Ленинизм" колхозунун жумушчусу болуп баштаган. 1990-1992-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1992-1997-жылдары Ноокат районундагы "Шанкол" колхозунун жумушчусу, 1997-1999-жылдары – "Монолит-Ош" ишканасынын филиалынын инспектору болуп эмгектенген. 1999-2001-жылдары "Алтын-темир" корпорациясынын директорунун орун басары, 2001-жылдын май айынан сентябрь айына чейин "Темир" мамлекеттик ишканасынын Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы инспектору болгон. 2001-2007-жылдары – "Темир" мамлекеттик ишканасынын Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн директору болуп иштеген.

Ал эми 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болгон.

2010-жылдын ноябрь айында "Республика" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.

2015-жылдын октябрь айында "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Былтыр "Альянс" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан