"Садыр Нургожоевич мага бийик ишенич көрсөттү". Кызматка дайындалган Алтынбек Сулайманов билдирүү жасады

Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.

"Мен ушул күнгө чейин, көп жылдар бою мыйзам чыгаруу бутагында эмгектенип келдим. Менин депутаттык ишмердүүлүгүмө шайлоочуларым жана кыргыз элим баа берээр. Бүгүн мен өз күчүмдү аткаруу бийлигинде сынап көрүүнү чечтим. Менин чечимимди президентибиз Садыр Нургожоевич колдоп берди. Мындайча айтканда, мага бийик ишенич көрсөттү. Ошол ишеничти толук актоого бүт күчүмдү жумшайм. Кайсы тармакта, кайсы кызматта болбоюн менин максатым дайыма элиме ак кызмат кылуу", - деп жазды Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан