Бүгүн, 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутат Ахматбек Келдибековдун ишин 2 айга жылдырды. "Ата Журт" фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошова коррупция менен күрөшүү бир тараптуу жүрүп жаткандыгын айтып:
"Коррупция менен күрөшүүдө "Ата Журт" партиясына тийишип алышты. "Кумтөр", "Кыргызгаз" боюнча бир топ маселелерди биздин балдар көтөрүп чыгышты эле. Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков сыяктуу элдин уулдарын камоо туура эмес",- деди.
Мындан сырткары президент Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башка өлкөдө болгондо депутаттардын кармалып жаткандыгына таң калганын жашырган жок. "Бардык нерсе мыйзам чегинде болушу керек. Келдибеков татыктуу өлкө башчысы болот. Керек болсо Сталин, Ленин да түрмөдө отуруп чыккан",- деп кошумчалады депутат айым.
"Ата Журт" фракциясынын депутаттары Ахматбек Келдибековдун иши жана соттун чечими тууралуу талкуулашарын билдиришти.