Садыр Жапаров менен Владимир Путин Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышты


Бүгүн, 26-февралда президент Садыр Жапаров менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, өлкө лидерлери кыргыз-орус кызматташтыгынын учурда күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Садыр Жапаров менен Владимир Путин эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан