Кайра шайлоо. Эки округ боюнча 120 шайлоо тилкеси даярдалды

Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарынын эки округунда кайра шайлоо башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев маалымат берди.

"Эки округ боюнча 72 талапкер арыз менен кайрылган. Анын 17си арыздарын кайра кайтарып алган. 5 талапкерди каттоодон өткөрүүдөн баш тартылган. Алар документтерин толук берген эмес. Учурда 50 талапкер шайлоого аттанып, 120 шайлоо тилкеси даярдалган, ар бир шайлоо тилкесинде плакаттар жайгаштырылган. Ал жерден талапкерлер тууралуу маалыматтарды алсаңар болот. Шайлоо тилкелери саат 8:00дө ачылды", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан