Биринчи Май округунда саат 10:00гө карата 2 миңден ашык шайлоочу катышты. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда брифингде аталган округдун комиссиянын төрагасы Каныбек Жумагулов билдирди.
"Биринчи Май райондук округунда 60 шайлоо тилкеси бар. Техникалык жабдуулар менен камсыздалган. Санитардык нормалар сакталган. 54 шайлоо округу пандустар менен камсыздалган. Калган шайлоо тилкелеринде чакыруу камсыздалган. 26-февралда добуш берүүчү жайдан тышкары өткөрүлдү. 397 арыз берилип, 330 шайлоочу добуш берген.
Жалпы 113 миң 105 шайлоочу бар. Саат 10:00гө карата 2 миң 13 шайлоочу катышты. 1, 78 пайызды түздү", - дейт ал.