Свердлов шайлоо округу боюнча саат 10:00гө карата 3 миң 714 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда брифингде аталган шайлоо округунун комиссиясынын төрагасы Айбек Кулданов билдирди.
"Свердлов шайлоо округунда 60 шайлоо тилкеси бар. Шайлоо тилкелери бардык жабдуулар менен камсыздалган. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 45 шайлоо тилкесинде пандус орнотулган. Калган шайлоо тилкелеринде чакыруу кнопкасы орнотулган. 26-февралда добуш берүүчү жайдан тышкары шайлоо өткөрүлдү. 856 арыз түшкөн. Анын 773ү шайлоого катышты. Саат 10:00гө карата 3 миң 714 шайлоочу добуш берди. Шайлоочулардын жалпы санынын 3,49 пайызын түздү", - дейт Айбек Кулданов.