Саат 12:00гө карата 15 миң 462 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев брифингде билдирди.
"Бул шайлоочулардын 7 пайызын түзөт. Биринчи Май шайлоо округунда 5 миң 423 шайлоочу, Свердлов округу боюнча 10 миң 39 шайлоочу добуш берди. Биринчи Май районунда активдүү болбой жатат. Келип өзүңүздөр тандаган талапкерге добуш берип кетиңиздер", - деди ал.