ИИМге үгүт иши башталгандан бери 23 арыз түшүп, добуш сатып алуу боюнча 3 кылмыш иши козголду

ИИМге үгүт иши башталгандан бери 23 арыз түштү. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда брифингде Ички иштер министрлигинин өкүлү Султан Макилов билдирди.

"Үгүт иши башталгандан тарта 23 маалымат түшкөн. Свердлов шайлоо округу боюнча 12, Биринчи Май райондук округу боюнча 9 маалымат түштү. Добуш сатып алуу боюнча 3 кылмыш иш козголду. Свердлов шайлоо окуругу боюнча үгүтчүлөргө айып коюлду. БШК менен тыгыз иш жүргүзүп жатышат. БШКдан 9 факты келип түштү. Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан