Эске салсак, Ош облусунун борбордук аянтында кечээ, 22-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг өткөн. Митингге чыккандар башкы прокурор Аида Салянованы кызматтан бошотуп, ага карата кылмыш ишин козгоону талап кылышты. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган. Бишкекте 22-ноябрь күнү Октябрь райондук соту депутат Ахматбек Келдибековду 19-январга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын СИЗОсунда камоо чечимин чыгарган.