Эки округ боюнча 11,76 пайыз шайлоочу добуш берүүгө катышты

Эки округ боюнча 11,76 пайыз шайлоочу добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Жалпы шайлоочулардын саны 219 миң 654тү түзөт. Шайлоого катышкандардын саны 25 миң 823 болууда. Биринчи Май шайлоо округу боюнча саат 14:00гө карата 9 миң 469 жаран добуш берди. Свердлов окуругу боюнча саат 14:00гө карата 16 миң 354 шайлоочу добуш берди.

Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо өтүүдө.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан