Саат 18:00гө карата Биринчи Май шайлоо округу боюнча 13,73 пайыз шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев билдирди.
Маалыматка ылайык, 15 миң 529 шайлоочу добуш берди. Жалпы шайлоочулардын саны 113 миң 105ти түзөт.
Свердлов шайлоо округу боюнча 21 миң 202 шайлоочу добуш берди.