Эки шайлоо округунда саат 20:00дө шайлоо тилкелери жабылды.
Бүгүн, 27-февралда Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо өттү. Добуш берүү саат 8:00дө башталган. Жалпы 120 шайлоо тилкеси болду.
Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.