Бүгүн, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов округунда кайра шайлоо өтүүдө. Автоматтык эсептөөчү урналардан алдын ала маалыматтар чыга баштады.
116 автоматтык эсептөөчү урналардан алдын ала жыйынтыктар түштү. Жалпы урналардын саны 120ны түзөт.
Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.