Бардык автоматтык эсептөөчү урналардан добуш берүүнүн алдын ала маалыматтар түштү. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Ал билдиргендей, жалпы 120 шайлоо тилкеси болду. Бардык шайлоо тилкелеринен саат 21:00дө түшкөн.
Алдын ала жыйынтыктар боюнча Биринчи Май округунан Эльвира Сурабалдиева, Свердлов округу боюнча Абдурахманхаджи Муртазалиев көп добуш алышты.
Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.