Бүгүн, 28-февралда той-аш өткөрүүнү тартипке келтирүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Улугбек Ормонов той-аш өткөрүүнү тартипке келтирген мыйзамдын аткарылышы жогорку кызматта иштегендерден баштала турганын айтты.
"Бул мыйзам долбоорун бийлик өзү колдойбу? Чоңдор өзүңөрдөн баштагыла" деген суроо бар болчу. Бул мыйзамды бузган мамлекеттик кызматта иштегендер жумуштан алынат деген берене бар. Мыйзамдын аткарылышы биринчи жогору жакта иштегендерден башталат. Президенттин жарлыгын аткаруу боюнча иштер башталды. Бул жарлык, мыйзам долбоору менен ысырапкорчулукту жок кылабыз", - деди ал.