Парламенттик угууда маркумга эстелик тургузууга тыюу салуу керектиги айтылды

Юрист Эрмамат Кожоакматов маркумду узатууда такыр эле мал союуга жана эстелик тургузууга тыюу салуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-февралда парламенттик угууда билдирди.

"Айрым колунда жок жарандарыбыз намыс үчүн той-аш өткөрүүгө насыя алып мал союп жатат. Натыйжада насыясын төлөй албай, үй-жайын сатып, чет өлкөгө иштеп кеткендер көп. Андыктан бул көйгөйдү чечүү учур талабы. Маркумду узатууда такыр эле мал союуга жана эстелик тургузууга тыюу салуу керек. Кыргыз мамлекети боюнча жалпы эле ырым-жырым, той-аштардын бирдиктүү эрежесин киргизүү зарыл. Мен бул боюнча бардык сунуштарымды жазып чыктым”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан