Шайлообек Атазов шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин билдирди. Бул тууралуу айтканы боюнча социалдык тармактарда анын видеосу жарыяланды.
Ал автоматтык эсептөө системасына эч кандай доосу жок экенин айтты. "Шайлоо таза өттү. Автоматташтырылган эсептөө системасына дообуз жок. Талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин туугандары добуш сатып алуу фактысы менен кармалганы боюнча видеолор бар", - деди ал.
Кечээ, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов округунда кайра шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтыктар чыкты. Ага ылайык, Шайлообек Атазов 5 миң 383 шайлоочунун добушун алса, Муртазалиев 5 миң 806 добуш алды.