Биринчи Май шайлоо округу боюнча эң көп добуш алган Эльвира Сурабалдиеванын өмүр баяны

Биринчи Май округу боюнча шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыкты. Анда эң көп добушту талапкер Эльвира Сурабалдиева алды.

Сурабалдиеванын өмүр баяны.

Эльвира Жыргалбековна 1978-жылдын 23-ноябрында Фрунзе шаарында туулган.
2000-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "эл аралык байланыштар" адистиги боюнча, 2003-жылы Улуу Британиянын Бристолдук университетин "эл аралык байланыштар" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 2003-жылдын октябрь айынан баштап "Кыргызстан ишкерлер союзунун" аткаруучу директору болуп иштөө менен баштаган.
2004-2006-жылдары Социалдык фонддун тышкы байланыштар жана маалыматтар бөлүмүнүн башкы адиси, бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчысы кызматтарын аркалаган.
2006-жылдын октябрь айынан баштап 2015-жылдын август айына чейин "Кудайберген" автоунаа базарынын башкы директору болуп иштеген.
2015-жылдын 4-октябрында КСДПнын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаты болуп шайланган.
2020-жылы октябрь окуясынан кийин вице-премьер-министр болуп, 2021-жылдын февраль айында кызматтан кеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан