Свердлов округу боюнча көп добуш алган Абдурахманхаджи Муртазалиевдин өмүр баяны

Свердлов округу боюнча шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыкты. Анда эң көп добушту талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев алды.

Абдурахманхаджи Муртазалиевдин өмүр баяны.

Муртазалиев 1994-жылы 30-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Ал 2017-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин финансы жана кредит факультетин аяктаган. 2020-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын дене тарбия факультетин бүтүргөн. 2020-жылдан бери Орусиянын Эл чарба жана мамлекеттик башкаруу академиясынын персоналды башкаруу жана кадр кызматы факультетинде билим алып жатат.

Муртазалиев жиу-житсу жана грэпплинг боюнча өнөр көрсөткөн кыргыз спортчусу.

2012-жылы агасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Дзю-джитсу федерациясын түзүп, анын президенти болгон.

2015-жылдан тарта жиу-джитсу боюнча Азия ассоциациясынын спорттук комиссиясынын мүчөсү.

2019-жылдан бери Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын алдындагы жаштар канатынын мүчөсү.

2021-жылдан бери - Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин мүчөсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан