Башкы прокурор Аида Салянова 23-ноябрда КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат программасында Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата кылмыш ишинин козголушу тууралуу маалымат берди.
Башкы прокурор депутатка “коррупция” жана “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгонуна токтолуп, Ахматбек Келдибековдун казынага келтирген зыяндарын эсептеп өттү. Ахматбек Келдибековдун иши боюнча башка депутаттар, жетекчилердин катыштыгы тууралуу азыр далилдер жок экенин кошумчалап, "кылмыш иштери фракция, партияларга карата бир тараптуу козголуп жатат" деген пикир туура эместигин айтты.
“Азыр Башкы прокуратурада бир нече кылмыш иштери бар. Алар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Козголгон иштер жетекчилердин фракциясына жараша козголбойт. Бүгүнкү күндө КСДП фракциясына тиешелүү материалдар да каралып жатат”,- деди Салянова.
Мындан сырткары буга чейин башка жетекчилер да жоопко тартылып келгенин белгилеп өттү. “Кылмыш иши аким, мэр, губернаторлор жана алардын орун басарларына да козголуп, жоопкерчиликке тартылып келген. Биз тергөө амалдарын жүргүзүүдө материалдарды чогултуп, аларга укуктук жактан баа беребиз”,- деди башкы прокурор.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган.
Бишкекте 22-ноябрь күнү Октябрь райондук соту депутат Ахматбек Келдибековду 19-январга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын СИЗОсунда камоо чечимин чыгарган.