Бейшеналиев: “Чабуул башталды, мени жок кылып жиберишсе реформа ишке ашпай калат”

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Капитал Билдинг ЛТД” курулуш компаниясынын жетекчиси Досжан Сайрамбаевди коркутпагандыгын, ага жалаа жаап жатышканын SUPER.KG порталына маек берип жатып билдирди.

Ал буга чейин анын үнү деп тараган аудио монтаж экендигин, ал андай коркутууларды жасабагандыгын билдирди.

“Мен андай коркутууларды жасаган эмесмин, азыр эми технология ушунчалык өнүктү, каалаган адамдын үнүн окшоштуруп жасап койсо болот”, - дейт министр.

Ал эми Сайрамбаевдин “Улуттук госпиталдын Урология бөлүмүнүн эски имаратын министр оңдотуп алып акчасын төлөбөй жатат” деген билдирүүсү дагы карандай калп деген пикирин айтты.

“Мен ал курулуш иштерин жүргүзгөндөрдү тааныбайм. Көргөн эмесмин, алардын эч кандай кагаз жүзүндө келишими жок экен, жок дегенде тил каты да жок экен. Мага айтып жатышат, 40 миллион сомго бүтө турган курулуш иштерин атайылап эле көбөйтүп, 80 миллион сомдон ашырып жиберишкен деп”, - дейт министр.

“Министр коркутууда” деп айтып чыккан курулуш компаниясынын жетекчиси Досжан Сайрамбаевдин билдирүүсүн ал күтүлгөн чагымчылык катары сыпаттады.

“Мага азыр чабуул кылып жатышат. Мен буга чейин айтпадым беле “мага карата азыр чабуул башталат, журналисттер, мага жардам бергиле" деп, азыр ошол болуп жатат. Мени сакташыңар керек, мени нары-бери кылып жок кылып жиберсе реформа ишке ашпай калат да”, - дейт Бейшеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан