Эдил Байсалов БУУнун өкүлдөрү менен жолугуп, социалдык-экономикалык чөйрөдөгү учурдагы абал тууралуу сүйлөшүштү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен улуттар уюмунун Европа жана Борбордук Азиядагы өнүктүрүү ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча башкармалыгынын аймактык директору Гви-Йоп Сон менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, директордун Кыргыз Республикасына иш сапарынын максаты БУУнун реформаларын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинети, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана жарандык коом менен диалогду улантуу болуп саналат.

Эдил Байсалов БУУнун өкүлдөрүнө социалдык-экономикалык чөйрөдөгү учурдагы абал, министрлер кабинетинин жакынкы келечектеги пландары тууралуу маалымат берди.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары эл аралык экономикалык кырдаалдын олуттуу начарлашына байланыштуу министрлер кабинети кээ бир орто мөөнөттүү пландарды кайра карап чыгууга аргасыз боло турганын билдирди. Жакынкы айларда калктын аярлуу катмарына тышкы факторлордун таасирине көңүл бурулат.

Эдил Байсалов Кыргыз Республикасы БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына берилгендигине ишендирди.

Андан ары жолугушуунун катышуучулары өнүктүрүү программаларын ишке ашыруунун алкагында кызматташуу маселелерине токтолушту.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары 2023-2027-жылдарга өлкөнүн программалык документинин кезектеги фазасын ишке ашыруунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы кызматташуунун эң артыкчылыктуу багыттарын жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан