"Ынтымак" фракциясы акыйкатчы кызматына Турсунбек Акундун талапкерлигин көрсөтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында белгилүү болду.
Жыйында анын талапкерлиги каралып жатат. Ал эмнеге бул кызматка бара жатканы боюнча айтып берди. "Адам укугун коргоо үчүн бул кызматка бара жатам. Адамдын укугу тебеленип жаткан жактар бар. Акыйкатчы мониторинг кылат. Акыйкатчынын көп ыйгарым укуктары жок", - деди ал.