Парламент комитети акыйкатчы кызматына талапкерлерди кароону Жогорку Кеңештин палатасына жөнөттү

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында акыйкатчы кызматына 4 жарандын талапкерлиги каралды.

Анда Атыр Абдрахматова, Маматурайым Момунов, Бакытбек Үсөнбаев, Турсунбек Акундун талапкерлиги сунушталды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитети акыйкатчы кызматына талапкерлерди кароону Жогорку Кеңештин палатасына жөнөттү.

Бул кызматты Токон Мамытов аркалап келген. Ал былтыр парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан