10-апрелде дайындалган шайлоодо 3 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аяктады

10-апрелде дайындалган шайлоодо 3 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, 28-февралда саат 24:00дө Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча календардык планга ылайык, 3 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аяктады.

Таш-Көмүр шаардык кеңеши, Токтогул шаардык кеңеши, Кара-Балта шаардык кеңешинде шайлоо өтөт. Шайлоого бардыгы 13 саясий партия катышууда, алардын ичинде 10 партия – 1 шаарга, 3 партия – 2 шаарга талапкерлердин тизмесин көрсөттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан