БШКнын мүчөсү: "Эки округда "баарына каршы" пункт бир топ талапкерлерден алдыга кетиптир"

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев эки оркугда кайра шайлоо тынч маанайда өткөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-мартта "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

"Шайлоо тынч маанайда өттү. Шайлоо күнүнө чейин эрежелерди бузуу боюнча 24 арыз келип түштү. Анын 20сы Свердлов округу боюнча, калганы Биринчи Май округунан болду. Биринчи Май шайлоо округунда шайлоо тынч өттү. Жыйынтыгында Эльвира Сурабалдиева, Абдурахманхаджи Муртазалиев көп добуш алды. "Баарына каршы" деген пункт бир топ талапкерлерден алдыга кетиптир. Дагы деле өзүнүн позициясында тургандар бар экен", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан