Украинанын президенти Володимир Зеленський бүгүн, 1-мартта Европарламентте видео байланыш аркылуу сөз сүйлөдү.
Өз сөзүндө Украинанын президенти Орусия менен Украинанын ортосундагы кырдаалга токтолуп, кыскача гана кайрылуу жасады. Зеленськийдин кайрылуусу кыскача:
"Биз Европа өлкөлөрүн бириктиргенибизге кубанычтамын. Бирок мен муну мындай баада билген эмесмин. Бул трагедия жана абдан кымбат баа".
"Сиздер менен сүйлөшүүгө эки мүнөтүм бар. Бизди тынымсыз аткылашууда".
"Бүгүнкү күндөн баштап ар бир аянт кандай аталбасын, кайда болбосун Эркиндик аянты деп аталат".
"Биз Европанын тең укуктуу мүчөсү болуу үчүн дагы күрөшүп жатабыз. Биз дал ушундай экенибизди көрсөтөбүз деп ишенем".
"Биз менен Евробиримдик күчтүү болот. Евробиримдиксиз Украина жалгыз калат.
"Биз менен экениңиздерди далилдеңиздер. Эми бизди кетирбей турганыңыздарды далилдеңиздер. Чыныгы европалыктар экениңерди далилдегиле".