Депутат Токторбаев Акылбек Жапаров менен Камчыбек Ташиевди чакырып, мамлекеттик коопсуздук боюнча маалымат угууну сунуштады

Депутат Жеңишбек Токторбаев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди чакырып, мамлекеттик коопсуздук боюнча маалымат угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Орусия менен Украинада согуш жүрүп жатат. Согуштун кесепетинен саясий, экономикалык чөйрөдө абал абдан кооптуу. Биздин мамлекетке экономикалык кесепетин тийгизип кетти. Акылбек Жапаровду, Камчыбек Ташиевди Жогорку Кеңештин жыйынына чакырууну сунуштайм", - дейт ал.

Токторбаевдин сунушун депутат Бакыт Төрөбаев дагы колдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан