Депутат Бекешев: "Азык-түлүктөрдүн кымбатташы боюнча бир топ кадамдарды жасоо керек"

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев тийиштүү комитетте саясий-экономикалык абал тууралуу маселени кароо керектигин айтты.

"Биз бул маселени комитетте карап, министрлер кабинетин урушпай, токтом чыгарышыбыз керек. Валюталык инфляция болуп жатат. Бул жерде рублга чектөө кылуу керек. Бул Орусияга каршылык эмес. Улуттук банк долларды сатууда. Бул жерде рубль келип жатат. Улуттук банк рублду колдогондой болуп жатат. Улуттук банк рублду эмес, сомду кармаганга шарты жок. Азык-түлүк жактан бир топ кадамдар болушу керек", - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан