Бүгүн Жогорку Кеңеште акыйкатчы шайланат. Бул тууралуу аталган кызматка талапкер болуп жаткан Атыр Абдрахматова Фейсбук баракчасына жазды.
“Бүгүн Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы шайланат экен. Азыр аппараттан чалып, кел дешти”, - деп жазган Абдрахматова.
Бул орунга Атыр Абдрахматова, Маматурайым Момунов, Бакытбек Үсөнбаев, Турсунбек Акундун талапкерлиги сунушталган.
Буга чейин аталган кызматты Токон Мамытов аркалап келген. Ал былтыр парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырган.