Жогорку Кеңеште жаңы депутат Эмил Жамгырчиев ант берди

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңеште жаңы депутат Эмил Жамгырчиев ант берди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттардын жана өзүнүн атынан Жамгырчиевди куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Ал "Альянс" фракциясынан Алтынбек Сулаймановдун ордуна депутат болуп келди.

Алтынбек Сулайманов 24-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Эске салсак, Эмил Жамгырчиев менен Бактыбек Калмуратов 2020-жылдын 19-октябрында УКМК тарабынан кармалган. Алар аткезчилик боюнча козголгон кылмыш ишин оң жагына чечкени үчүн ишкерден пара алган деп айыпталган. 2021-жылы мамлекетке келтирилген 20 миллион сом зыян төлөнгөн.

2021-жылы ноябрда Биринчи Май райондук соту тарабынан жоюлуп кеткен Финпол кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев акталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан