Депутат Тазабек Икрамов аз пайыз менен насыя ала албай жаткан дыйкандар кайрылып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Баарыбыз кымбатчылык болорун билип жатабыз. Ошого карата дыйкандарга жардам берүү максатында "Айыл банктан" насыя берүүнү сунуштайлы. Бүгүнкү күнү бир топ дыйкандар кайрылып жатат. Алар 4 пайыз менен насыя ала албай жатканын айтышууда. "Айыл банктын" жетекчилерин чакырып, бул жактан маалыматын угушубуз керек. Ушул маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштайм", - деди ал.