Депутат: "КТРК электр энергияга 100 миллион сом карыз деген маалымат бар"

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын макамын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу КТРКнын электр энергияга 100 миллион сом карызы бар деген маалымат бар экенин айтты. "КТРКнын канча карызы бар? Айрым маалыматтар боюнча, электр энергиясына 100 миллион сом карызы бар деп айтылат", - дейт депутат.

КТРКнын директору Кайрат Иманалиевдин айтымында, 65 миллион сом карызы бар. "Карыз электр энергиясы эмес, башка тармакта. Сигнал таратуу тармагына карызыбыз бар", - деди ал.

Депутат: "Улуттук болуп өзгөргөндөн кийин реформаларга баруу керек. Сапаттуу иш алып барганыңарга тилектешмин", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан