Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңеште акыйкатчы кызматына 4 жарандын талапкерлиги каралып жатат.
Бул кызматка Атыр Абдрахматова, Маматурайым Момунов, Бакытбек Үсөнбаев, Турсунбек Акундун талапкерлиги сунушталган.
Буга чейин аталган кызматты Токон Мамытов аркалап келген. Ал былтыр парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырган.