Депутат Коргонбай уулу Турсунбек Акунга: "Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине канчалык моралдык жоопкерчилигиңиз бар?"

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңеште акыйкатчы кызматына 4 жарандын талапкерлиги каралып жатат.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу акыйкатчы кызматына талапкер Турсунбек Акунга суроо берди.

"Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине канчалык моралдык жоопкерчилигиңиз бар? Эки жолу акыйкатчы болдуңуз, дагы акыйкатчы болом деп келиптирсиз. Алмазбек Атамбаев камакта отурат. Чечен улутундагылардан сизди акча алган деп айтышат. Бул боюнча өзүңүздөн жооп угуп коёюнчу", - деди депутат.

Турсунбек Акун: "Камактагы адам өлө турган диагноз болсо, аны туугандарына берүү керек деген норма бар. Дарыгерлердин жыйынтыгынын негизинде гана бошотулушу керек деп айткам. Кийин ал оорубай эле дарыгерлердин жыйынтыгы жалган болгону маалым болгондо тергөө жүрдү. Бирок мен күбө катары калдым. Бул жалган жалаа. Батукаев боюнча мени каралашты, бирок далилденген жок", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан