Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков болду

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Ага ылайык, аталган кызматка Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин колдоп, 76 депутат "макул" деп добуш берген.

Бүгүн, 2-мартта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгына талапкерди караган.

Талкуунун жыйынтыгында комитет Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан