Бүгүн, 3-мартта парламентте Украинадагы окуяларга байланыштуу экономикалык жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маалымат угулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматты министрлер кабинетинин өкүлдөрү берет.
Кечээ, 2-мартта депутаттар Украинадагы кырдаал боюнча маалымат угуу боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди чакырууну сунушташкан.