Президенттин катышуусунда "Ала-Тоо" аянтында мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган иш-чара өтүп жатат

Бүгүн, 3-мартта Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып жатат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргыз өлкөсүнө бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.

Авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан