Садыр Жапаров: "Элибиздин намысы, эркиндиги сыймыгы болгон желегибизди бийик кармайлы"

Бүгүн, 3-мартта Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып жатат. Анда президент кыргыз элин туу күнү менен куттуктады.

"Мамлекеттик желегибиздин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктайм. Мамлекеттик символдор Конституцияда белгиленип, аларды пайдалануунун тартиби, ыйыктыгы мыйзам менен белгиленген. Мамлекеттик желегибиз мекенибиздин жүзү экенин эстен чыгарбайлы. Байрагыбыз бийик желбиресе мекенге болгон сүйүү сезимибиз артат. Кызыл туубуз кылымдарды карыткан, тарыхта ынтымактын тиреги болуп келген, мындан кийин дагы боло берет. Элибиздин намысы, эркиндиги сыймыгы болгон желегибизди бийик кармайлы", - дейт Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан