Бүгүн, 3-мартта президент Садыр Жапаров мамлекеттик желектин 30 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты. Анда ал кыргыз элин мамлекеттик желектин 30 жылдыгы менен куттуктады.
"Тээ эзелтеден эле уңгулуу кыргыз журтчулугунда элдин башын кошуп, бириктирип турган улуу түшүнүктөр болгон. Алар атадан балага, муундан-муунга ыйык таберик болуп сакталып өтүп келген. "Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып" ынтымакташкан, бир туунун астына биригип "өлсөк бир чуңкурда, жеңсек бир дөбөдө бололу" деген ураандын астында жашап келген улуу кыргыз эли ошол ыйык табериктерге астейдил мамиле кылып, мына бүгүнкү күнгө чейин учугубуз уланып келип олтурат.
Эң алды ошол бир туунун астында биригип келген, өз кезеңинде улуу мамлекеттерди куруп, урпактарга мурастап кеткен бабаларыбызга таазим этүү менен бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада мамлекеттүүлүктүн белгилеринин бири болгон мамлекеттик желегибиздин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен жалпы кыргыз элин чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз мамлекеттүүлүгү мындан ары да чыңдалып, байрагыбыз бийик желбирей берсин!
Бүгүнкү күндө желегибизди чет жерде желбиретип, мекендештерди дал ушундай кубанычка бөлөйм деген ар тараптуу өнүккөн атуулдарыбыз арбын. Өлкөмдүн бир тармагын өнүктүрүп, чет жерге таанытып, туу көтөрөм деген долбоорлору даяр демилгелүү жаштарыбыз четтен чыгат. Аларга болгону аз гана мамлекеттик колдоо, дем-күч жетишпей турат. Мен дагы өлкөмдүн атын алыска чыгарып, потенциалдуу тармактарын өнүктүрсөм, улутумдун өнүгүшүнө салым кошсом деген жигердүү жаштарды жетем деген максатына жетелөөгө дилгирмин. Мен дагы өнүккөн Кыргыз өлкөсүн көрүүгө куштармын жана ага бар күч-аракетимди жумшайм. Мен дагы Кыргыз мамлекетимдин эл аралык коомчулукта аброюн арттырып, туусун желбиретүүгө даярмын. Мына бизди — мамлекеттик бийликти эл менен байланыштыруучу улуу күч — кызыл туубуз, мамлекеттик желегибиз, түндүгү менен күн нуру куп жарашкан байрагыбыз!
Мамлекеттик желегибиз мекенибиздин сыймыгы, Кыргыз мамлекетинин жүзү экенин эгерим эстен чыгарбайлы! Байрагыбыз бийик желбиресе, кекенге болгон сүйүү сезимибиз артат, атуулдук ариетибиз, ар намысыбыз да кызыл туубуз менен бир катарда турарын билип, аны ар дайым урматтайлы. Кызыл туубуз кылымдарды карыткан тарыхта дагы, азыркы жашап жаткан заманыбызда дагы жана келечекте дагы биримдиктин, ынтымактын тиреги болуп келген, мындан ары дагы боло бермекчи. Ошондуктан элибиздин намысы, эркиндиги, сыймыгы болгон мамлекеттик желегибизди бийик кармайлы! Мамлекеттик желегибиздин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен дагы бир жолу чын дилимден куттуктайм", - деди мамлекет башчы.