Депутат быйыл пенсия канча сомго көтөрүлө турганын сурады

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев пенсиянын көбөйүшү тууралуу суроо берди.

"Пенсия качан көбөйөт, суммасы канча болот? Азыркы учурда бардык нерсе кымбаттап, абал оор болуп жатат. Эл пенсия канча сомго көтөрүлө турганын билсин", - деди депутат.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Аалиев: "Быйылкы жылы 700 миллион сом каралды. Министрлер кабинетине сунуштарды бердик. Бул боюнча июнь айында так маалыматтарды беребиз. Пенсия 200 сомдон 500 сомго чейин көтөрүлөт", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан