Акылбек Жапаров "Zijin Mining" кытай корпорациясынын делегациясы менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Zijin Mining" кытай корпорациясынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Талдыбулак-Сол жээк алтын кенинин ишиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле инвестициялык кызматташуу маселелери талкууланды.

Жыйынга "Кыргыз алтын" ачык акционердик коомунун жана "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги да катышкан.

Белгилей кетсек, 2011-жылдан тарта "Zijin Mining" тоо-кен корпорациясынын туунду компаниясы саналган "Supurb Pacific Ltd" компаниясы "Алтынкен" ЖЧК уставдык капиталынын 60 пайыз үлүшүнө ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан