Бүгүн, 3-мартта парламентте Украинадагы окуяларга байланыштуу экономикалык жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маалымат жабык эшик артында каралып жатат.
Жыйынга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келди.
Кечээ, 2-мартта депутаттар Украинадагы кырдаал тууралуу маалымат угуу боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди чакырууну сунушташкан.