"Ачык асман алдында мамлекеттик туубуз бийиктиктерде желбирей берсин". Талант Мамытов кыргыз элин мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов мамлекеттик туу күнүнө карата куттуктоо сөзүн айтты.

"Мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн даңазалаган символубуз болгон Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик туусуна 30 жыл толуп олтурат.

1992-жылдын 3-мартында мамлекеттик туубуз Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому менен бекитилген. 1992-жылдын 5-мартында борборубуздагы өкмөт үйүндө алгачкы жолу көтөрүлгөн.

Мамлекеттик туу ортосунда кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, анын ичинде кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Кызыл түс каармандыкты, ал эми алтын түстөгү күн алкагы тынчтык менен байлыкты билдирет.

Мамлекеттик туу бул биздин улуттук сыймыгыбыз жана символубуз катарында ар бир Кыргыз жаранынын ата мекенге болгон сүйүүсүн жана жоопкерчилигин ойготуп турат. Туубуз ошондой эле эгемендүүлүктүн атрибуту катарында Кыргыз элинин биримдигин бекемдөө менен муундан-муунга татыктуу өткөрүлүп келет. Биздин ар бирибиздин ыйык милдетибиз аны көздүн карегиндей сактап, бийик көтөрүү.

Ачык асман алдында мамлекеттик туубуз бийиктиктерде желбиреп, Кыргыз мамлекети өнүгө берсин", - дейт Талант Мамытов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан