Бүгүн, 3-мартта парламентте Украинадагы окуяларга байланыштуу экономикалык жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маалымат жабык эшик артында каралып жатат.
Депутат Равшанбек Сабиров жыйында бул маселени жабык кароону сунуштап. колдоо тапкан. Депутат Дастан Бекешев жашыруун эч нерсе каралбаганын журналисттерге билдирди.
Равшанбек Сабиров эмнеге жыйынды жабык эшик артында кароону сунуштаганын айтты. "Дүйнөдөгү эң маанилүү маселелер. Регламенттин негизинде мындай маселелерди жабык эшик артында карашыбыз керек. Украина менен Орусия менен достук мамиледебиз. Маалымат каражаттары сөздөрдү башкача берип койсо, алар таарынычтарын билдириши мүмкүн", - деди ал.