Депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушу тууралуу депутаттык комиссия жыйынга чогулушту. Бул тууралуу журналисттерге депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев билдирди.
Анын айтымында, ал башкы прокурордун сунушун четке кагууну сунуштаган. Бирок көпчүлүк депутат бул маселени Жогорку Кеңештин жалпы кароосуна алып чыгууну сунуштаган. "Мадумаровду башында "Мамлекеттик чыккынчылык кылуу" беренеси менен айыптаса, эми "Кызматтык абалынан пайдалануу" беренеси деп өзгөрттү. Депутаттык комиссия Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгууну сунуштады. Башкы прокурордун сунушун баш тартууну сунуштадым, бирок көпчүлүк депутаттар берене өзгөрүп кеткендиктен парламентке алып чыгууну сунушташты. Бүгүн бул маселе каралат", - дейт ал.