Жогорку Кеңеш 3 маселени жабык эшик артында карады. Алдыда Мадумаров боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу каралары күтүлүүдө

Жогорку Кеңеш бардык маселелерди жабык эшик артында карап жатат.

Башында Украинадагы абал боюнча жабык эшик артында кароону чечишкен. Бирок бул маселеден кийин дагы 2 маселени жабык эшик артында карашты. "Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору жана Эсептөө палатасы боюнча маселе каралды.

Алдыда Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушу тууралуу депутаттык комиссиянын корутундусу каралуу күтүлүүдө. Бул маселе кандай режимде каралары азырынча белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан