Депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушу тууралуу комиссиянын корутундусу жабык эшик артында каралып жатат.
Буга чейин депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев төмөндөгүдөй жооп берген.
"Мадумаровду башында "Мамлекеттик чыккынчылык кылуу" беренеси менен айыптаса, эми "Кызматтык абалынан пайдалануу" беренеси деп өзгөрттү. Депутаттык комиссия Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгууну сунуштады. Башкы прокурордун сунушун баш тартууну сунуштадым, бирок көпчүлүк депутаттар берене өзгөрүп кеткендиктен парламентке алып чыгууну сунушташты. Бүгүн бул маселе каралат", - дейт ал.