Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын угуп жатышат.
Депутаттар Мадумаровдун ишин жабык эшик артында карап жатышат. Бирок депутат Дастан Бекешев өзүнүн телеграм каналына Адахан Мадумаровдун кол тийбестигинен ажыратпоо боюнча чечимге келгенин билдирди. Бирок кийинчерээк Жогорку Кеңешке Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык” беренесинен “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине кайра квалификациялоо боюнча сунуш келип түшкөнү айтылды.
"Комиссия чечим чыгарган жок, эми аны парламент өзү кабыл алышы керек. Бирок биз азыр комиссия чечим чыгарышы керек деп жатабыз. Анын жыйынтыгы менен парламент чечим кабыл алышы керек. Азыр бул боюнча эмне кылабыз деген талкуу жүрүп жатат", - деди Дастан Бекешев.
10-февралда депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушу тууралуу депутаттык комиссия түзүлгөн.